«Бишкексууканал» башкармалыгынын билдирүүсү боюнча, 16-октябрда саат 9:00дѳн 19:00гѳ чейин калаанын айрым жерлеринде таза суу берүү токтотулат.

«Северный» суу топтомунда оңдоп-түздѳѳ иштерин жүргүзүүгѳ байланыштуу Күрѳңкеев, Абдрахманов, Элебесов, Саадаев кѳчѳлѳрү жана Ала-Арча суусу чектешкен жерде таза суу берилбейт. Анын ичинде:

- «Красный строитель» жаңы конушунда;

- «Кѳлмѳ», «Ак-Тилек», “Алтын-Бешик”, “Саламалик” жаңы конуштарында;

-ишкана жана уюмдар: №№18, 33, 35 орто мектептеринде, Панфилов кѳч, 310 дарегиндеги №12 бала бакчада;

- Пакистан Элчилигинде;

- Васильев, М. Гвардии, Урицкий кѳчѳлѳрү боюнча «Бишкекжылуулукэнерго» КИнин от казандарында;

- Автобекеттер жана автостанциялар Чүй бирикмесинде;

- Краснодонцев кѳч, 24 дареги боюнча Улуттук Гвардиянын Башкы штабында;

- «Электросила» ЖЧКсында;

-Кургак учукка каршы шаардык ооруканасында;

- В/ч 41069 Аскер комиссариатында;

- КРнынын ИА биотехнология институтунда;

- Сафонов «Химиялык  заводунда»;

- «Бишкексууканал» ѲЭБ атайын базасында;

- Фере кѳчѳсүндѳгү «Бишкектурбазасында».

«Бишкексууканал»  башкармалыгы ыңгайсыздык жараткандыгы үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт жана алдын ала суу камдап алууларын суранат.

«Бишкексууканал» башкармалыгынын башчысы Исаев Асылбек Мухамбетович, тел: (0-770) 73-77-17.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!
Урматтоо менен, шаардык муниципалитеттин басма-сѳз кызматы.