15-октябрда Азиз Суракматовдун жетектөөсү алдында вице-мэрлер, шаар кызматтарынын жетекчилери жана түзүмдүк  бөлүмөрдүн жетекчилери менен пландык жыйын өттү.

Жыйындын  жүрүшүндө “Бишкек санитардык полигону” муниципалдык ишканасынын 2018-жылдын 9 ай ичиндеги ишмердүүлүгү жана 2019-жылга карата коюлган маселелер талкууланды. Мындан тышкары, Бишкек шаарынын  Жер ресустары башкармалыгынын ижара  төлөмдөрү боюнча карыздары, убактылуу түрдө ижарага берилген жер тилкелери боюнча суроолор жана  мектепке чейинки жалпы билим берүү мекемелеринин ишмердүүлүгү каралды.

Күн тартибиндеги суроолорду кароодон мурда, катышуучуларга №47-орто мектепте болгон окуя боюнча  вице-мэр Асель Куламбаевага жана  Билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Сауле Мейрмановага  катуу сөгүш,  Ленин райондук администрациясынын жетекчиснин орун басары   Жамалкан Мамытовага сөгүш жарыяланып, Ленин районунун РББнун директору  иштен бошотулгандыгы туурасында маалымдалды. Ошондой эле, Билим берүү башкармалыгынын буйругу менен   №47 – орто мектептин дирекетору Салтанат Курманалиева кызматтан четтетилди. БШИИБ маалыматы боюнча, Бишкек шаарынын баардык тиешелүү  бөлүмдөрү ар кандай деңгээлде жоопкерчиликке тартылат.

Жыйындын  күн тартибине коюлган  биринчи суроо боюнча “Бишкек санитардык полигону” муниципалдык ишканасынын жетекчиси  Талгат Үмѳталиев сөз сүйлөп, үстүбүздөгү жылдын 9 айы ичинде таштандыларды чогултууда  6300,0 миң  сом төлөнгөнү туурасында билдирди.   Сентябрдын соңунда түшкөн киреше  1 285,0 сомду түздү.  ЕРѲБ тарабынан каржыланган “Бишкек шаарындагы КТК таштандыларын башкаруу системасын жакшыртуу” долбоору  7 компонеттен турат. 2018-жылдын башында 2 компонент ишке ашырылып, 3 компонент жыйынтыкталып, дагы 2си даярдалууда.

Мындан тышкары, Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Сауле Мейрманованын айтымында, КР Билим берүү жана илим министрлигинин коррупцияга каршы күрөшүү долбоору боюнча  мектепке чейинки мекемелердин жана мектептердин электрондук түрдө тизмеге кирүү системасына өтүү башталды.

Жер рестурстары башкармалыгынын башчысынынын убактылуу милдетин аткаруучу Бакыт Анарбековдун  маалыматы боюнча,  бүгүнкү күндө 1870 ижарачы бар жана алардын 1 036 051 миң  сом карызы катталган. 138 ижарачы жалпы суммасы 33 715 028,81 сомду түзгөн дебитордук карызын төлөгөн.

Бардык докладдарды угуу менен, калаа башчысы үстүбүздөгү жылдын 15-ноябрына чейин дебитордук карыздарды жабуу боюнча чара көрүп, аны 50%га кысыкартуу боюнча тапшырма берди. Ошону менен катар эле, “Бишкек шаарындагы КТК таштандыларын башкаруу системасын жакшыртуу” долбоорун ишке ашырууда таштандыларды иштетүүчү заводдун курулушун жана долбоордун башка компоненттерин   ишке ашыруу боюнча  тездетүү тапшырмасын берди.