Биринчи май администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясында район башчысы Токтосун Султановдун төрагалык астында жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү боюнча кеңешме өткөрүлдү.

Кеңешмеге райондук салык кызматынын жергиликтүү салыктарды жана чогултуу бөлүмүнүн, атайын салыктын режим бөлүмдөрүнүн башчылары катышты.

Аталган кеңешмеде Биринчи май райондук салык кызматынын башчысынын орун басары бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу жана 2018-жылдын IV кварталына коюлган пландар жөнүндө маалымат берди.

Ошондой эле, муниципалдык администрациясынын башчысы Биринчи май райондук салык кызматына, транспорттук салыкты төлөбөгөндөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташуу менен иш жүргүзүп жаткандардан патент алуусун аныктоо боюнча иш жүргүзүлүшү тууралуу тапшырма берилди.

Бишкек – сүйүктүү шаарыбыз!
Урматтоо менен, Бишкек шаарынын мэриясынын пресс-кызматы!