Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын инспекторлору Бишкек шаарынын кѳрктѳндүрүү жана санитардык нормаларын бузгандарды аныктады.

Текшерүүнүн жүрүшүндѳ Юнусалиев кѳчѳсү №58 дарегиндеги «Лимон» кафеси, Кѳк-Жар жаңы конушундагы Куйручук кѳчѳсү боюнча №88 орто мектептин жанындагы «KG Групп» курулуш таштандыларын белгиленбеген жерге таштагандыгы аныкталды.

Жыйынтыгында СЭИ инспекторлору тарабынан Кыргыз Республикасынын «Административдик жоопкерчилик жѳнүндѳ» кодексинин №488 беренеси боюнча протокол түзүлүп, Октябрь райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын башчысы Данияр Сулайманов. Телефон: 65 -81 59, 0550173170.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!
Урматтоо менен, шаардык муниципалитеттин басма-сѳз кызматы.