Калаада 2018-2019-жылдары күз-кыш мезгилине даярдыктарды кѳрүү боюнча шаардык штабдын жыйыны ѳткѳрүлүп, жылуулук берүү мезгилинин датасы талкууланды.

Гидромедборбордун маалыматы боюнча, 20-октябрдан баштап абанын температурасы +0+2 ℃ чейин тѳмѳндѳшү күтүлүүдѳ. 21-октябрга  чейин абанын орто температурасы +8℃ тѳмѳн болот. Жылуулук берүү мезгили 5 күн катары менен +8 ℃ тѳмѳн болгон учурда бериле баштайт. Бүгүн, 17-октябрда нормадан тѳмѳн кѳрсѳтүлгѳн 4-күн.

Бишкек шаарынын мэриясынын 2018-жылдын 17-октябрындагы №224-р буйругуна ылайык, калаага жылуулук 18-октябрдан тартып бериле баштайт. Аталган буйрукка калаа башчысы Азиз Суракматов кол койду.

Объектилерди жылуулукка кошуу бир нече күн жүргүзүлѳт. Биринчи кезекте жылуулук бала бакчаларга, мектептерге, ооруканаларга, тѳрѳт үйлѳрүнѳ жана социалдык объектилерге берилет. Андан кийин жылуулук энергиясына карызы жок турак үйлѳргѳ, ѳндүрүш мекемелерине жана уюмдарга берилет.

Урматтуу шаар тургундары! Бишкек шаарынын мэриясы жылуулук берүүгѳ байланыштуу маселелерди тѳмѳнкү түз линияларга калтырсаңыздар болот:

«Бишкекжылуулуктүйүнү» ААК телефон номерлери:

- (0312) 61-11-69 – кардарларды колдоо борбор;

- 36-57-19, 30-07-67 – Борбордук райондун  кезекчи  инженери;

- 51-06-22, 21-74-06 – Түштүк райондун кезекчи  инженери;

- 56-85-58 – диспетчердик кызмат.  

«Бишкекжылуулукэнерго» коммуниалдык ишканасы:

- 49-00-86, 49-02-65 – ишкананын диспетчердик кызматы;

- 21-28-47 – абоненттик бѳлүм.

Ошондой эле, шаар тургундары кѳйгѳйлѳрдү WhatsApp колдонмосу аркылуу акимдердин орун басарларына жибере алышат:

- Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) — 0557- 99-79-27;

- Акматбаев Таалайбек Таберикович (Октябрь району) — 0554 95-55-09;

- Абдиев Дамир Кадырмаевич (Биринчи май району) — 0550 21-73-73;

- Касымбеков Рустам Асаналиевич (Свердлов району) — 0703 611 806.

Мындан тышкары, кайрылуу жана арыздарды мэриянын Call –борбору 185 жана 1840 номерлери кабыл алат. Кѳйгѳйлѳрдү сүрѳттѳрү жана так даректерин кѳрсѳтүү  менен 0554 182-185 номерине жибере аласыздар.