Бишкек шаарынын мэриясы күн сайын калаанын санитардык тазалыгын текшерүү боюнча рейддерди ѳткѳрүп келет.
1-октябрдан 18-октябрга чейин Санитардык-экологиялык инспекциясынын Ленин району боюнча инспекторлору райондун ичинде текшерүү жүргүзүп, курулуш таштандыларын, инерттүү материалдарды жана айланасын тазалабаган чарба субъектилерине 30 эскертүү берди.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын «Административдик жоопкерчилик жѳнүндѳ» кодексинин №488, 489 беренелери боюнча 7 протокол түзүлүп, Ленин райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.
Бул багыттагы иштер дагы улантыла бермекчи.
Санитардык-экологиялык инспекциясынын башчысы Данияр Сулайманов. Телефон: 65 81 59, 0550173170.
Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!
Урматтоо менен шаардык муниципалитеттин басма-сѳз кызматы.
чейин
кийин
чейин
кийин
чейин
кийин
чейин
кийин
чейин
кийин
чейин
кийин