«Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын «Суу чарба» тарабынан «Ала-Арча» суусунун Рыскулов кѳчѳсүнѳн Жибек Жолу кѳчѳсүнѳ чейинки жээктерин бекемдѳѳ иштери жүргүзүлүп жатат.

Атайын техникалардын жардамы менен суунун түбү тазаланды. Тазаланган бѳлүк 1800  погондук метрди түзѳт.

Пландык иштер кыш мезгилинде сууга жакын жайгашкан  үйлѳрдү суунун каптоосун алдын алуу максатында ѳткѳрүлүп жатат.

Сууктун түшүшү менен каналдарда муздар чогулуп, деңгээлинен ашып, жакынкы үйлѳрдү каптап кетүү коркунучу бар.

Мындай коркунучтарды жоюу максатында «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасы тарабынан «Ала-Арча» суусунун жээктерин бекемдѳѳ жана дамбаларды коюу иштери жүргүзүлүп жатат. Бекемдѳѳ иштери бир жуманын ичинде жыйынтыкталат. Аталган иштер ѲКМ менен биргеликте жүргүзүлүүдѳ.

Буга чейин бекемдѳѳ иштери «Ала-Арча» суусунун Кочкор кѳчѳсүнѳн Лев Толстой кѳчѳсүнѳ чейин бѳлүгүндѳ ѳткѳрүлгѳн.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!

Урматтоо менен, мэриянын басма-сѳз кызматы.