Калаада жалпы билим берүү уюмдарынын шаардык ата-энелер комитети түзүлдү.
25-октябрда Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгында шаардык ата-энелер комитетинин алгачкы кеңешмеси ѳткѳрүлдү.
Ата-энелер комитетинин негизги милдеттеринин бири мектеп окуучуларынын тарбиясы жана билими, ата-энелер коомун колдоо боюнча маалыматтык, уюштуруу жана башка колдоолорду кѳрсѳтүү боюнча ата-энелердин ой-пикирлерин билүү болуп саналат.
Ата-энелер комитетинин курамына камкорчулар кеңешинин, коомдук бирикмелердин ѳкүлдѳрү жана Бишкек шаарынын 25 мектебинин ата-энелер комитеттери кирди.
Кеңешменин жүрүшүндѳ билим сапатын жогорулатууга, окуучулардын укуктарын коргоого жана коопсуздукту камсыздоого багытталган долбоорлорду жана демилгелерди ишке ашыруу мүмкүнчүлүктѳрү талкууланды.
Бишкек –сүйүктүү шаарыбыз!
Урматтоо менен, шаардык муниципалитеттин басма-сѳз кызматы.