Ардагерлер кеңешинин XIV отчеттук-шайлоо конференциясында Свердлов райондук ардагерлер кеңешинин курамы кайрадан шайланды.

Конференция Ардагерлер кеңешинин төрагасы Абдразак Мокеновдун төрагалыгы астында болуп өттү.

Райондун башчысы Самарбек Болотбеков Ардагерлер кеңешинин бардык курамына терең ыраазычылык билдирип, райондун өнүгүшүнө кошкон салымдары үчүн муниципалдык администрациянын ардак грамоталарын тапшырды. Ошондой эле конференциянын катышуучулары каза болгон ардагерлерди бир мүнөттүк жымжырттык менен эскеришти.

Конференциянын жүрүшүндө согуштун, куралдуу күчтөрүнүн, укук коргоо органдарынын жана ооруктун ардагерлеринин кеңешинин докладдары угулуп, талкууланып, Свердлов райондук ардагерлер кеңешинин жаңы курамы кайрадан шайланды.

Делегаттардын чыгып сүйлөгөн сөзүндө, Ардагерлер кеңеши белгилүү бир иштерди аткаргандыгын конференцияда белгилүү болду. Кеңештин алгачкы уюмдарынын окуу-жайлар, МАБдар жана райондук социалдык коргоо кызматтары менен активдүү байланышы жолго коюлду. Согуштун катышуучулары, тылда эмгектенгендер, согуш учурунда төрөлгөн балдардын тизмеси (1932-1945-ж.) жана эмгек ардагерлери ж.б. жөнүндө толук маалымат түзүлдү.

Конференциянын жыйынтыгында Ардагерлер кеңешинин иши канааттандырарлык деп табылып, кайрадан шайланган райондук ардагерлер кеңешинин курамына бир катар тапшырмалар берилди.

Маалымат үчүн: Райондук кеңештин каттоосунда Улуу Ата Мекендик согуштун 29 катышуучусу, тылда эмгектенген 77 адам, жолдошу фронтто каза болгон 1 жесир аял, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын 128 жесири, Ленинграддагы блокадада калган 4 адам, согуш учурунда төрөлгөн – 2438 адам, 1905 - эмгек ардагерлери, өзгөчө эмгеги үчүн 275 пенсионерлер бар жана райондун аймагында социалдык эмгектин 2 баатыры жана Кыргызстандын 1 баатыры жашашат.