Ленин райондук администрациясынын жыйындар залында район башчысы Нурдин Тынаевдин жетекчилиги алдында райондук коллегиянын жыйыны ѳткѳрүлдү.

Жыйындын жүрүшүндѳ Ленин райондук администрациясынын экономикалык ѳнүгүүсүнүн 2018-жылдын 9 айында карата жыйынтыктары жана 2018-жылдын 4-кварталына карата милдеттери, 2018-2019-жылдарга карата жылытуу мезгилине даярдыктар, мектеп окуучуларынын каттоого алуу тартиби, ошондой эле, 9 айдын ичинде социалдык –маанидеги ооруларды алдын алуу боюнча дарылоо уюмдарынын иштери, Бишкек шаардык кеңешинин 2015-жылдын 29-апрелиндеги №119 «Жашы жете элек ѳспүрүмдѳр арасында кылмыштарды жана укук бузууларды алдын алуу» Комплекстүү шаардык программасын  жана Концепциясын бекитүү жѳнүндѳ» токтомун аткаруу талкууланды.

Коллегиянын жыйынына Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары, прокурордун орун басары М.К.Акылбеков, Ленин райондук администрациясынын, мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарынын жетекчилери катышышты.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!

Урматтоо менен, мэриянын басма-сѳз кызматы.