Б. Кыдыкеев атындагы жаш көрүүчүлөр театрында Свердлов муниципалдык администрациясы жана №20 МАБ тарабынан уюштурулган улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун 90-жылдык маарекесине арналган иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чарада №10, №16, №33, №32, №35, №46 райондук орто мектептердин окуучулары арасында ЧынгызАйтматовдун чыгармалары боюнча конкурс уюштурулуп, мааракеге Свердлов муниципалдык администрациясынын аппарат жетекчиси Чынгыз Байысов, Бишкек шаарынын мэриясынын Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Эльвира Ниязбекова жана Свердлов райондук билим берүү борборунун Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча жетектөөчүү адиси Эльмира Абылгазиевалар катышышты.

Чынгыз Айтматовтун 90-жылдыгына арналган иш-чаранын жыйынтыгында жеңүүчүлөргө 1, 2, 3 даражадагы диплом, ардак грамоталар жана ЧынгызАйтматовдун 10 томдук китеби, баалуу белектер тапшырылды.