Бишкек шаарынын мэриясынын Свердлов муниципалдык администрациясынын  башчысы  Самарбек Болотбеков  райондун  аймагындагы  башаламан соодаларды жоюу жана Жибек-Жолу проспектиндеги, ошондой эле көйгөйлүү жерлердеги унаа тыгындарын азайтуу жана тартипке келтирүү боюнча  көчмө жыйын өткөрдү.

Андан тышкары башчы райондогу "Ардагер " геронтологиялык  борборуна  барып, борбордун тургундары менен маек куруп,  борбордун жетекчиси менен тышкы жарыктарды орнотуу маселесин талкуулады.

Октябрь районунун башчысы Ренат Айтымбетов “Бишкекбашкыархитектура” МИнин, Мамэкотехинспекциянын, “Тазалык” МИнин, “Комтранском” ЖЧКсынын өкүлдөрү жана №8 МАБдын кызматкерлери менен Чыңгыз Айтматов көчөсү №82/1 дарегинде жайгашкан таштанды аянтчасынын ордун текшеришти. Ошондой эле, аталган аймактын санитардык тазалыгы жана көрктөндүрүү  маселеси көтөрүлдү.

Аталган багыттагы иштер дайыма жүргүзүлүп келет.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!