“Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери калаанын жолдорун кардан тазалоо иштерин жүргүзүп жатышат.
Жолдорго кум-туз аралашмасын чачуу иштери таңкы саат 4:00дө башталган. Жалпысынан 92 тонна кум, 8 тонна техникалык туз чачылды.
Тазалоо иштерине 25 бирдик атайын техника, анын ичинен 18 кар тазалоочу МАЗ унаасы, ЗИЛ-130 КДМ кум чачуучу унаасы, 1 фронталдык жүктөгүч, 4 универсалдуу уна а тартылды.
Калаанын жолдоруна, тротуарларына кум-туз аралашмасын чачуу иштерди үзгүлтүксүз улантыла берилет.
Тротуарлардын кардан тазалоого 740 короо шыпыргыч тыртылды. Ошондой эле, шаарды санитардык тазалоого тартылган 113 жүктөөчү линияга чыкты.