Султан Ибраимовдун 90 жылдыгына карата Бишкек шаарынын мектептеринде ар кандай иш-чаралар болуп өттү. Китепканаларда коомдук ишмер жөнүндө бурчтар, көргөзмөлөр уюшулуп, дубал гезиттер жасалды.

Кыргыз тили жана тарых сабагынын мугалимдери тарабынан “Ак дилдүү коомдук ишмер”, “С.Ибраимов коомдук ишмер”, “С.Ибраимов 90 жашта”, “Кыргызстандын сыймыктуу инсаны”.“С.И.Ибраимов мамлекеттик ишмер”ж.б. темаларда ачык сабактар, класстык саатттарды ѳткѳрүлдү.

Иш-чараларда окуучуларга коомдук ишмер Султан Ибраимов жөнүндө жана ал адам тууралуу жазылган китептер боюнча жалпы маалымат берилди.