2018-жылдын 6-октябрында Кыргыз Улуттук филармониясында Ленин администрациялык району боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык администрациясы тарабынан Кыргыз мамлекеттик университетинин “Ардактуу профессору” Сабира Өжөрбаеванын 60 жылдык мааракеси өткөрүлдү.

Сабира Өжөрбаева “Кыргыз Республикасынын билим берүү отличниги” төш белгисинин, Бишкек шаарындагы Аялдар советинин Ардак грамотасынын, Кыргыз  Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын  Ардак грамотасынын, Кыргыз Республикасынын  Ардак грамотасынын, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил комиссиясынын “Кыргыз тили” төш белгисинин ээси, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин “Ардактуу профессору”.

Иш-чарага Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Р.Жакышов, Ленин администрациялык районунун башчысынын орун басары Ж.Мамытова, Бишкек шаарынын мэриясынын мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Э.Ниязбекова, Билим берүү министрлигинин мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Г.Ибраимова, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил комиссиясынын өкүлдөрү жана башка коноктор катышып, маараке ээсин үзүрлүү эмгеги менен куттукташты.

Иш-чарада Сабира Өжөрбаеванын өмүр баяны, талыкпас эмгектери тууралуу мектеп окуучулары, бүтүрүүчүлөр, курсташтары, коллективи тарабынан сыймыктануу менен айтылып өттү.

Азыркы убакта С.Өжөрбаева Ленин районундагы №77-орто мектебинде директордун орун басары кызматын аркалап, балдарга өз насааттарын айтып, тарбия берип келет.