Калаанын бардык билим берүү мекемелеринде, борборлорунда улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган иш-чаралар өткөрүлүүдө.

Үстүбүздөгү жылдын 8-ноябрында Биринчи май районуна караштуу балдардын чыгармачылык борборунда Кыргыз Республикасынын Региондорду өнүктүрүү жылына жана Ч.Айтматовдун 90-жылдыгына арналган Күзгү театрлаштырылган майрам өткөрүлдү.

Майрамдын алкагында балдардын чыгармачылык борборунун тарбиялануучулары тарабынан концерти уюштурулуп, концертке “Ассоль” бий элдик ансамбли, балдардын «Пчелка» эстрадалык-спорттукансамбли, циркстудиясы, «Домисолька»вокалдыкансамбли, «Алып баруучулар» студиясы жана ата-энелер катышты.

Ошондой эле, иш-чаранын жүрүшүндө Ч.Айтматовдун чыгармалары боюнча викториналар жана интерактивдүү оюндар өткөрүлүп, көрүүчүлөргө жакшы маанай тартууланды.