Шаар тургундарынын коопсуздугу жана жѳѳ жүргүнчүлѳргѳ ыңгайлуулукту түзүү  максатында,  Патриса Лумумбы кѳчѳсүнѳ Дэн Сяопин проспектисинен Профсоюз кѳчѳсүнѳ чейинки жолдун жээгине темир тосмо орнотулуп жатат.

Орнотуу иштери «Тазалык» муниципалдык ишканасы, Биринчи май райондук администрациясы, «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасы, Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы, ЖКККББ жана Биринчи май районунун ИИБ тарабынан жүргүзүлүүдѳ. Жалпысынан 600 погондук метр темир тосмо орнотулуп, жарым миллион сом каражатты түзѳт.

№15 МАБдын кызматкерлери, кварталдык жана үй комитеттери чарба субъектилеринин арасында аталган иштер шаар тургундарынын коопсуздугу үчүн жасалып жаткандыгы тууралуу  түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдѳ.