Ар жуманын дүйшѳмбү күндѳрү Бишкек шаарынын мэриясында пландык жыйын ѳткѳрүлѳт.

Бүгүн, 12-ноябрда Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов шаардык кызматтардын жана түзүмдүк бѳлүмдѳрдүн жетекчилерине кезектеги пландык жыйынын ѳткѳрдү.

Жыйындын жүрүшүндѳ  күн тартибиндеги 3 маселе каралып, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгынын  2018-жылдын 10 айынын ичинде аткарган иштери жана 2019-жылга карата перспективдүү пландары, мамлекеттик салык кызматынын шаардык башкармалыгы жана Бишкек шаары боюнча ири салык тѳлѳѳчүлѳрдү кѳзѳмѳлдѳѳ боюнча салык кызматынын 2018-жылдагы аткарган иштери жана Бишкек шаарынын мектептеринин коомдук фондорунун иштери талкууланды.
Пландык жыйындын башында аба-ырайынын  ѳзгѳрүшүнѳ байланыштуу «Тазалык» муниципалдык ишканасынын шаардын жолдорун  кардан тазалоо, ошондой эле, «Бишкексвет» муниципалдык ишканасынын түнкүсүн тышкы жарыктандырууну берүү боюнча маалыматтары угулду. «Тазалык» муниципалдык ишканасынын директорунун айтуусу боюнча, ишкананын кызматкерлери күнү-түнү шаардын жолдорун, тротуарларын кардан жана муздан тазалоодо. Калаа башчысы ар бир райондун акимиаттарында кыш мезгилинде турак жай-коммуналдык чарба маселелерин  ыкчам чечүү жана иштеп чыгуу үчүн штабдардарды түзүүнү тапшырды.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгынын  2018-жылдын 10 айдын ичинде аткарган иштери жана 2019-жылга карата перспективдүү пландары тууралуу  башкармалыктын башчысы Искендер Аденов айтып берди. Анын айтуусу боюнча, иш жүзүндѳ бюджетке түшкѳн каражат 5 664,4 млн. сомду түзѳт. План боюнча 6 124, 6 млн. сом. Бул кѳрсѳткүч пландын 92,5%  аткарылгандыгын билдирет.

Бюджеттин киреше бѳлүгүн аткаруу боюнча тѳрт райондун тең мамлекеттик салык кызматынын райондук башкармалыктарынын жетекчилери доклад кылышты.

Билим берүү башкармалыгынын башчысынын орун басары Наталья Никифирова мектептерде бюджеттен тышкаркы каражаттын булагы коомдук бирикмелерден жана фонддордон келген каражат экендигин билдирди. Мындай бирикмелер шаардын 160 билим берүү уюмунда: 83 мектеп, 76 бала бакча жана 1 балдар чыгармачылык борборунда түзүлгѳн.

Жыйындын соңунда шаар мэри мектептерде каражат чогултууну ачык кылып, банк, касса аркылуу жүргүзүүнү, ошондой эле, шаардын бюджетинин киреше бѳлүгүн толук аткарууну тапшырды.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!

Урматтоо менен, мэриянын басма-сѳз кызматы.