Бишкекте «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери шаардын жолдорун, тротуарларын кардан жана муздан тазалоо иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүүдѳ.

Жолдорду тазалоого 43 бирдик атайын техника, жол-эксплуатация бѳлүмүнүн 20 жумушчусу тартылып, жолдорго 573 тонна кум, 49 тонна туз себилди.

Учурда «Тазалык» ишканасынын 740 короо шыпыргычы жана жергиликтүү аймактык башкармалыктардын короо шыпыргычтары тазалоо иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүүдѳ.

Эскерте кетсек, жолдорду кардан тазалоо, кум себүү боюнча арыздарды сүрѳттѳрү менен WhatsApp колдонмосу аркылуу тѳмѳнкү номерлерге жиберсеңиздер болот:

- Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) — 0557- 99-79-27;

- Акматбаев Таалайбек Таберикович (Октябрь  району) — 0554 95-55-09;

- Аскарбеков Мавлян Амангельдиевич (Биринчи май  району) — 0555 66-60-96;

- Касымбеков Рустам Асаналиевич (Свердлов  району) — 0703 611 806.

Ошондой эле, кайрылууларды, арыздарды күнү түнү 185 жана 1840 номерине жана арыздарды сүрѳттѳрү менен 0554 -182-185 номерине жибере аласыздар.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!

Урматтоо менен, мэриянын басма-сѳз кызматы.