Ушул жылдын 5-ноябрынан 11-ноябрына чейин Бишкек шаарынын мэриясынын 185 Call-борборуна шаар тургундарынан 475 арыз жана кайрылуу келип түшкѳн. Алардын катталганы 148 кайрылуу.

Кайрылуулардын кѳпчүлүк бѳлүгү сурап-билүү иретинде болгон.

Урматтуу шаар тургундары! Чалууларды күнү-түнү 185 жана 1840 номери кабыл алат, ошондой эле, көйгөйлөрдү сүрөттөрү жана так даректери менен 0554 182-185 номерине жиберсеңиздер болот. Ал эми 1-ноябрдан тартып ыкчам чараларды көрүү кызматы кайрылууларды жана арыздарды 1850 кыска номери аркылуу кабыл ала баштайт.

Ошондой эле, арыздарды акимдердин орун басарларынын номерлерине жиберсеңиздер болот:

- Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) — 0557- 99-79-27;

- Акматбаев Таалайбек Таберикович (Октябрь  району) — 0554 95-55-09;

- Аскарбеков Мавлян Амангельдиевич (Биринчи май  району) — 0555 66-60-96;

- Касымбеков Рустам Асаналиевич (Свердлов  району) — 0703 611 806.