Октябрь райондук администрациясынын жыйндар залында район башчысы Ренат Айтымбетовдун жетекчилиги алдында жылытуу мезгилинин ѳтүүсү боюнча штаб ѳткѳрүлдү.

Райондук штабдын курамына Түндүкэлектр, Чыгыш РЭС, Октябрь районунун Билим берүү борборунун, Социалдык ѳнүктүрүү башкармалыгынын, «Бишкекжылуулукэнерго» коммуналдык ишканасынын, «Бишкекжылуулуктүйүнү» ишканасынын, Бишкек шаары боюнча мамэкотехинспекциясынын регионалдык башкармалыгынын ѳкүлдѳрү жана МАБдардын жетекчилери кирди.

МАБдын жана үй комитеттеринин ѳкүлдѳрү тургундар арасында коммуналдык кызматтарга дебитордук карыздарды тѳлѳѳ боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдѳ.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!