«Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери күнү-түнү шаардын жолдорун, тротуарларын  кардан жана муздан тазалоо иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүүдѳ.

Үч сутканын ичинде 954 тонна кум, 82 тонна туз себилди. Азыркы учурда 30 бирдик атайын техника жана жол-эксплуатация бѳлүмүнүн 20 кызматкери, ошондой эле «Тазалык» муниципалдык ишканасынын 740 короо шыпыргычы иштеп жатат.

Кыш мезгилинде Бишкек шаарынын аймагында кар, муз тазалоо иштери күчѳп, жаз келгиче тазалоо иштерин абдан талап кылат. Ошондой эле, шаар тургундарынын коопсуздугу жана ден соолугу үчүн кооптуулукту жаратат.

Буга байланыштуу Бишкек шаарынын мэриясы соода борборлорунун, дүкѳндѳрдүн, күркѳлѳрдүн жана башка уюмдардын жетекчилерине, кызматкерлерине ар бир имаратка тиешелүү аймактарды тазалоо милдеттүү экендигин эскертет. Бишкек шаарынын кѳрктѳндүрүү жана санитардык нормалары сакталбаган учурда бузуучулар Кыргыз Республикасынын «Административдик жоопкерчилик жѳнүндѳ» кодекси боюнча айып пул негизинде жазага тартылат.

Урматтуу шаар тургундары! Сиздер арыздарды сүрѳттѳрү жана так даректери менен  WhatsApp тиркемеси аркылуу тѳмѳнкү номерлерге калтырсаңыздар болот:

- Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) — 0557- 99-79-27;

- Акматбаев Таалайбек Таберикович (Октябрь району) — 0554 95-55-09;

- Аскарбеков Мавлян Амангельдиевич (Биринчи май району) — 0555 66-60-96;

- Касымбеков Рустам Асаналиевич (Свердлов району) — 0703 611 806.

Ошондой эле, арыз жана кайрылуулардын күнү-түнү 185 жана 1840 номерине, ал эми кѳйгѳйлѳрдү сүрѳттѳрү менен 0554 -182-185 номерине жибере аласыздар.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!

Урматтоо менен, мэриянын басма-сѳз кызматы.