Жаш кѳчѳттѳрдүн кышта жашап кетүүсү үчүн «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасы тарабынан  быйыл отургузулган жаш кѳчѳттѳрдү жылуулоо иштери жүргүзүлүп жатат.

Ишкананын кызматкерлери кѳчѳттѳрдүн сѳңгѳктѳрүн муздак шамалдан жана тѳмѳнкү температурадан коргоо үчүн таарлар менен ороп жатышат. Кар эригенден кийин  кѳчѳттѳрдүн тамыр бѳлүгүнѳ таарындылар тѳгүлѳт.

Шаардык кызмат  калаанын кѳчѳлѳрүндѳгү, парк жана гүл бакчаларындагы 10 миңден ашык жаш кѳчѳттѳрдү жылуулоону пландап жатат.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!

Урматтоо менен, мэриянын басма-сѳз кызматы.