2018-жылдын 15-ноябрынан 18-ноябрына чейин «ОntheWake» борборунда Александр Аксеновдун жаркын элесине арналган аскага чыгуу боюнча Бишкек шаарынын ачык чемпионаты ѳткѳрүлѳт.

Мелдеш жаштар арасында спортту жайылтуу, спорттук чеберчиликти жогорулатуу, аскага чыккан спортчулардын арасынан күчтүүсүн аныктоо максатында ѳткѳрүлѳт.

Чемпионаттын уюштуруучулары болуп Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт башкармалыгы жана Кыргыз Республикасынын альпинизм федерациясы саналат.

Тѳмѳнкү курактагы катышуучулар катышат:

2002 –жылкы жана андан жогорку жаштагылар;

2003 – 2004 –жылы туулгандар;

2005 – 2006-жылы туулгандар;

2007 –жылкы жана андан кичүү балдар.  

Мелдештин программасы жана календары:

15-ноябрда саат 17:00дѳн 18:00гѳ чейин арыздарды калтыруу;

16-ноябрда саат 16:00дѳ боулдеринг боюнча мелдеш;

17-ноябрда саат 13:00дѳ мелдештин ачылышы, ылдамдыкка карата мелдеш, жарымфинал-финал;

18-ноябрда саат 10:00дѳ ылдамдыкка карата мелдеш, жарымфинал, финал.

Жеңүүчүлѳр диплом, медаль жана баалуу белектер менен сыйланышат.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!

Урматтоо менен, мэриянын басма-сѳз кызматы.