Калаада коомдук транспорт штаттык режимде иштеп жатат.
Суукка байланыштуу жана шаардыктарга, конокторго ыңгайлуулукту түзүү максатында калаадагы троллейбустар саат 22:00гѳ чейин каттайт.
Акыркы маалыматтар боюнча, шаардык каттамга 90 автобус, 121 троллейбус жана 1 миң 806 кичи автобус чыкты.
Урматтуу шаар тургундары! Транспорт маселесине байланышкан кѳйгѳйлѳрдү, кайрылууларды тѳмѳнкү номерлерге калтырсаңыздар болот.
- 0555330031 – троллейбустардын иштѳѳсү боюнча;
- 0312 53 36 48 –кичи автобустардын иштѳѳсү боюнча;
- 0312 53 48 24, 53 18 17 – автобустардын иштѳѳсү боюнча.
Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!
Урматтоо менен, мэриянын басма-сѳз кызматы.