Абай кѳчѳсү №57 дарегинде жайгашкан Биринчи май районунун карылар үйүндѳ Медер деген бала жашап жатат.

Ѳспүрүмдү кѳңүл кош карабаган шаар тургуну таап, Ленин районунун ИИБна жеткирген. Абалды териштирүү үчүн үй-бүлѳ жана балдарды коргоо бѳлүмүнүн кызматкерлери, ошондой эле ден соолугун текшертүү үчүн тез жардам кызматкерлери чакыртылды. Текшерүүдѳ бала акыл эстен артта калгандыгы белгилүү болду.

Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык ѳнүктүрүү башкармалыгы баланын жакындары табылганча карылар үйүнѳ жайгаштырууну чечти.

Урматтуу шаар тургундары! Баарыбыз тең Медердин жакындарын жана үй-бүлѳсүн табышканга жардам берели. Эгерде кандайдыр маалымат билип калсаңыздар Ленин районунун ИИБна 0705 848520 номерлери аркылуу билдирүүңүздѳрдү  ѳтүнѳбүз.