Карылар үй-интернатынын директору Эркингүл Абдылдаеванын билдирүүсү боюнча, 14-ноябрь күнү кечинде Медердин жакындары келип, камкордук жана жардам кѳрсѳткѳндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, алып кетишти.  Кезегинде Медердин калуусуна администрация тарабынан керектүү шарттар түзүлгѳн.

Эскерте кетсек, 9-ноябрда ѳспүрүмдү кѳңүл кош карабаган шаар тургуну таап, Ленин районунун ИИБна жеткирген. Абалды териштирүү үчүн үйбүлѳ жана балдарды коргоо бѳлүмүнүн кызматкерлери, ошондой эле ден соолугун текшертүү үчүн тез жардам кызматкерлери чакыртылган. Текшерүүдѳ бала акыл эстен артта калгандыгы белгилүү болгон. Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык ѳнүктүрүү башкармалыгы баланын жакындары табылганча карылар үйүнѳ жайгаштырган.