Бишкек шаарынын мэриясы бүгүн түнкү саат 2:00 дө Чүй проспектиси жана Жаш Гвардия бульварынын кесилишинде жайгашкан "Бишкек мен сени сүйөм" инсталляциясы сындырылгандыгын билдирет.

Бул фактыга байланыштуу 1991-жылы туулган М.у.Т. Нарын шаарынын тургуну кармалды. Ал  кеткен чыгымдарды төлөйт.
Азыркы учурда "Бишкексвет" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери кеткен чыгымдарды жана конструкцияны калыбына келтирүү мүмкүнчүлүгүн аныктап жатышат.

Урматтуу шаар тургундары! Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарынан жана коноктордун муниципалдык мүлккө аяр мамиле кылууга чакырат.

Бишкек- сүйүктүү шаарыбыз!

Урматтоо менен, мэриянын басма - сөз кызматы.