Бишкек шаарынын жалпы билим берүү мекемелеринин мугалимдери үчүн квалификацияны жогорулатууга жана окутууда жаңы ѳзгѳчѳлүктѳрдү киргизүүгѳ багытталган семинарлар ѳткѳрүлүүдѳ.

Жакында шаардын тарых жана адам жана коом сабактарынын 114 жаш мугалими кызыктуу жана пайдалуу семинарга катышышты.
Семинарда жаңы предметтик стандарт жана 5-6-класстардын окуучуларынын билим деңгээлин баалоо талкууланды.

Мындай семинарлар дайыма ѳткѳрүлүп, бардык сабактардын мугалимдерин камтып келет.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!

Урматтоо менен, муниципалитеттин басма-сѳз кызматы.