Эми Свердлов районунун акиминин район тургундарын жеке кабыл алуусу жума күндөрү өткөрүлөт.

Кабыл алуунун жүрүшүндө Токтогул көчөсү №5 дарегиндеги үйдүн чатырын курууга материалдык жардам бөлүү, жер маселелери, Лермонтов жана Луганская көчөлөрүнүн кесилишине тосмолорду орнотуу, Дачный жана Керченский көчөлөрүнө трансформатордук көмөк чордондорду орнотуу маселелери көтөрүлдү.

Тургундардын бардык кайрылууларын аким тиешелүү кызматтарга, МАБдардын башчыларына, муниципалдык администрациянын жооптуу кызматкерлерине ыкчам жана кыска мөөнөттө чечүүнү тапшырды.

Акимдин жеке кабыл алуусуна (0312) 36-01-93 номери аркылуу жазылсаңыздар болот.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!

Урматтоо менен, мэриянын басма сөз кызматы.