Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын планына ылайык, 2018-жылдын 12-сентябрынан 12-декабрына чейин “Тил жана Айтматов” үч айлыгы жарыяланган.
Үч айлыктын алкагында “Жаш артист” аттуу Ч.Айтматовдун чыгармаларынан үзүндү аткаруу боюнча шаардык кароо-сынак 2018-жылдын 15-ноябрында Октябрь районунун № 88 орто мектебинин базасында өткөрүлдү.
Кароо-сынакка мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарынын балдары катышышты. Кароо-сынактын калыстар тобуна Бишкек шаарынын А.Умуралиев атындагы драм театрдын актеру Э.Жунушалиев жана Билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрү мүчө болушту. Кароо-сынакта төмөндөгү билим берүү уюмдары ийгиликтүү орундарга жетишти:
1-орун №1 мектеп-интернаты;
2-орун №38 ОТК МГ;
3-орун №78МГ, №87 ОМ;
4-орун №33 МГ.
Мектепке чейинки билим берүү уюмдары:
1-орун №51 МЧББУ;
2-орун №145 МЧББУ;
3-орун №131 МЧББУ;
4-орун №4 МЧББУ.
Жеңүүчүлөр Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын Ардак грамотасы, баалуу жана кызыктыруучу белектер менен сыйланат.
Сыйлык тапшыруу аземи 2018-жылдын 5-декабрында “Тил жана Айтматов” үч айлыгынын жыйынтыгы менен Кыргыз-Түрк Манас университетининде ѳткѳрүлѳт.