Жума сайын калаанын тѳрт районунда «Мектеп лигасы» шаардык спорттук программасы боюнча мелдештер ѳткѳрүлүп жатат.

Ленин районунда балдар жана кыздар арасында тогуз-коргоол боюнча мелдеш ѳттү.

Балдар арасында мелдештин жеңүүчүлѳрү:

1-орун -   № 77орто мектеп;
2 -орун -  № 68 мектеп-гимназиясы;
3 -орун - № 42 орто мектеп;
4 -орун - № 96 орто мектеп.

Кыздар арасында мелдештин жеңүүчүлѳрү:

1 -орун - № 42 орто мектеп;
2 -орун - № 77орто мектеп;
3 -орун - № 96 орто мектеп;
4 -орун - № 82 орто мектеп.

Ошондой эле, Ленин районунун №58 жана №13 жалпы билим берүү мектептеринде кыздар жана балдар арасында баскетбол жана волейбол боюнча мелдеш ѳткѳрүлдү.

Биринчи май районунун №27 мектеп –гимназиясында «Мектеп лигасы» спорттук программасынын жаңы спорттук түрү роуп спиннинг (скакалка) боюнча мелдеш ѳткѳрүлдү. Мелдешке бардык мектептердин окуучулары катышышты. Ошондой эле №69 ОТМГда кыздар арасында волейбол боюнча мелдеш уюштурулду.

Октябрь районунда балдар арасында волейбол боюнча мелдеш жыйынтыкталды. Мелдеш №62 ОТКде ѳткѳрүлдү.
Свердлов районунун №33 орто мектебинде кыздар жана балдар арасында баскетбол боюнча мелдеш жыйынтыкталды. Мелдештин жыйынтыгы боюнча тѳмѳнкү мектептер жеңишке ээ болушту:

1 -орун - № 4 мектеп гимназиясы;
2 -орун - № 65 орто мектеби;
3 -орун - № 89 орто мектеби;
4 -орун - № 94 орто мектеби.

Райондук мелдештердин жеңүүчүлѳрдү «Мектеп лигасы» шаардык спорттук программасынын биринчилигине катышышат.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!

Урматтоо менен, мэриянын басма-сѳз кызматы.