Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы тарабынан 4 күркѳ алынды.

7-ноябрдан 11-ноябрга чейин 7-апрель кѳчѳсүндѳ  (ДСМ заводунун жанында) муниципалдык жерге бир учурда 4 контейнер орнотулгандыгы аныкталды.

Башкармалыктын инспекторлору тарабынан аталган жер тилкелерине укук белгилѳѳчү жана укукту күбѳлѳндүрүүчү документтерди берүү боюнча эскертүү берилген.

Бирок, күркѳ ээлери  тиешелүү уруксат документтерин кѳрсѳтпѳгѳндүгүнѳ байланыштуу, башкармалыктын кызматкерлери тарабынан бардык объектилер алынды.

Урматтоо менен, мэриянын басма-сѳз кызматы.