“Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери шаардык фонтан комплекстерин техникалык оңдоо жана тазалоо жүргүзүүдө.

Муниципалдык фонтандардын иштөө мезгили жабылгандан кийин, ишкананын кызматкерлери тээктерди оңдоо жана алмаштыруу, ошондой эле Ала-Тоо аянтында жайгашкан фонтандардын соргучтарына жана электр кыймылдаткычтарына капиталдык оңдоо жүргүзүүдө.

Ошондой эле, бардык 16 фонтан комплекстери таштандыдан жана жалбырактардан күн сайын тазаланат. Бүгүнкү күндо Тарых музейиндеги фонтан комлексинде кафель плиталарын тазалоо иштери бүткөрүлүүдө.

Ала-Тоо аянтын тазалоо боюнча үзгүлтүксүз жумуштар жүргүзүлүүдө, “Тазалык” МИнин 27 кызматкери жана 6 бирдик адистештирилген техника тартылган.

Кар жаагандан кийин жанжолдор, аянттар, аялдамалар жолдордун жээк бөлүктөрү кардан тазаланган. Ошондой эле ишкананын кызматкерлери гранит плиталарын, пресс-такталарды (лайтбокс) тазалоо, зым карагайларды, аялдамаларды жарнамалардан тазалоо жана ирригациялык тармактарды тазалоо иштерин аткарышат.

Бишкек- биздин сүйүктүү шаарыбыз!

Урматтоо менен, мэриянын пресс-кызматы.