Свердлов районунун башчысы Самарбек Болотбеков Кыргыз Республикасынын Прокуратура органынын кызматкерлеринин күнүнүн алдында райондун прокуратура органынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, ийгиликтерди каалады.
Иш-чаранын жүрүшүндѳ район башчысы ѳзгѳчѳлѳнгѳн кызматкерлерге муниципалдык администрациянын ардак грамоталарын тапшырды.