Бишкек шаарынын мэриясы шаар куруу тармагын жана муниципалдык аймакты жана жарнама такталарын колдонууну иретке келтирүү иштерин улантууда.

Бишкек шаарынын мэриясынын Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы тарабынан жарнама конструкциялары алынды. Алынган жарнама конструкцияларынын бири Сүйѳркулов- Жукеев-Пудовкин кѳчѳлѳрүнүн кесилишинде жайгаштырылып, тиешелүү уруксат документтери жок иштеп келген. Ал эми экинчиси Юнусалиев №58 дарегинде «Г» түрүндѳ жайгашкан. Бул жарнама конструкциясынын ижара келишиминин мѳѳнѳтү бүтүп калган.

Урматтоо менен, мэриянын басма-сѳз кызматы.