Гидромет борбордун маалыматы боюнча, 24-ноябрда, ишемби күнү Бишкек шаарында кар жаашы күтүлүүдѳ.

Бишкек шаарынын мэриясы авто ээлеринен жайкы дѳңгѳлѳктѳрүн кышкы дѳңгѳлѳктѳргѳ алмаштырууларын ѳтүнѳт. Ал эми жеке турак үйлѳрдүн ээлеринен  тигүү калтыктарын, кездемелерди жакпоолорун абдан суранат. Тигүү калдыктарын жагуу экологияга зыянын келтирип, абаны булгап жатат.

Ошондой эле, унааларыңыздарды жолдун жээктерине калтырбаңыздар. “Тазалык” мунципалдык ишканасынын кар тазалоо унааларынын  жолдорду тазалоосуна жана кум, туз себүүсүнѳ тоскоол болуп жатат.

Урматтуу шаар тургундары! Кѳйгѳйлѳрдү мэриянын Call- борборуна  (ыкчам чараларды кѳрүү кызматына) 185 жана 1840 номери аркылуу күнү-түнү калтыра аласыздар. Мындан тышкары, кѳйгѳйлѳрдү так даректери жана сүрѳттѳрү менен  0554 -182-185 номери кабыл алат.

Мындан тышкары, шаар тургундары кѳйгѳйлѳрдү WhatsApp колдонмосу аркылуу акимдердин орун басарларына жибере алышат:

- Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) — 0557- 99-79-27;

- Акматбаев Таалайбек Таберикович (Октябрь району) — 0554 95-55-09;

- Абдиев Дамир Кадырмаевич (Биринчи май району) — 0550 21-73-73;

- Касымбеков Рустам Асаналиевич (Свердлов району) — 0703 611 806.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!

Урматтоо менен, шаардык муниципалитеттин басма-сѳз кызматы.