Октябрь районунда муниципалдык администрациянын демилгеси менен кѳмүр сатылып жаткан түйүндѳрдү текшерүү боюнча рейд ѳткѳрүлдү. Рейд   соодагерлердин патенти текшерүү, бааны жогорулатууга жана санитардык нормаларды бузууга жол бербѳѳ максатында ѳттү.

Аталган текшерүү иштери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин, Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын, Октябрь районунун Мамлекеттик салык кызматынын жана МАБдардын ѳкүлдѳрү менен биргеликте жүргүзүлүүдѳ.

Текшерүүнүн жыйынтыгында санитардык нормаларды бузгандыгы үчүн Санитардык–экологиялык инспекциясы тарабынан 3 эскертүү жана 1 протокол, ошондой эле, Октябрь районунун Мамлекеттик салык кызматы тарабынан салык мыйзамдарын сактоону талап кылган 2 акт түзүлдү.

Аталган багыттагы иштери муниципалдык администрация тарабынан улантыла берилмекчи.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!

Урматтоо менен, Бишкек шаарынын мэриясынын басма-сѳз кызматы.