Бишкек шаарынын мэриясы муктаж болгон үй-бүлөлөргө материалдык, юридикалык жана психикалык жактан жардам берүүдө
Свердлов районунда балдар иштери боюнча комиссиянын кезектеги отуруму болуп өттү.

Комиссияда 15 материал каралып, анын ичинен  райондук Социалдык өнүгүү башкармалыгынан жана «Айданек»  реабилитациялоо, реинтеграциялоо борборлорунан учёттон чыгаруу боюнча 10 материал каралды.

Жашоо шарты оор абалда болгон жаран Г., муниципалдык администрациядан жардам сураган. Өзү иштебейт, экинчи никеси менен жашайт, алты баласы бар, жашы жете элек баласы менен үйдө отурат. Жолдошунун ооруп калгандыгына байланыштуу, үй-бүлөсү кирешесиз калган, улуу балдарынын кышкы кийимдери жок, суук мезгилде мектепке баруу мүмкүнчүлүгү жок экендиги айтылууда. Мектеп тарабынан балдарына жакшы мүнөздөмө берилген, сабактарын жакшы аткарышат, бирок жылуу кийимдери жок болгондугуна байланыштуу, ноябрь айында көп жолу сабактарын калтырышкан.

Райондун башчысы жана комиссия тарабынан каражат бөлүнүп, 4 түгөй кышкы бут кийим жана сырткы кийим сыяктуу  гуманитардык жардам берилди. Андан тышкары, эне медициналык жардамга жана операцияга муктаж. Бардык зарыл болгон иштерди жүзөгө ашыруу үчүн ал андан кийин  акысыз негиздеги операциядан өтүү үчүн текшерүүгө жөнөтүлгөн. Аталган үй-бүлө менен иш алып баруу бекитилген үй-бүлө менен жеке иш алып баруу планына ылайык улантылууда.

Ошондой эле башка жарандын үй-бүлөсүнүн жашоо шарты да оор абалда, жаран К. 2 топтогу майып, жолдошу 2012-жылы каза болгон, 2005-жылы туулган жашы жете элек кызын өз алдынча тарбиялайт. Үй-бүлөгө эки кабат керебет бөлүнгөн, бир нече ирет  азык-түлүк жана кийим кече түрүндө гуманитардык жардам көрсөтүлгөн. Баланын өз каалоосу боюнча математика, англис тили кружокторуна жана бий студиясына баруу уюштурулган.

Улуу баласына физикалык зордук-зомбулук көрсөтүлгөн, 4 жашы жете элек балдардан жана жолдошунан турган Н. аттуу жарандын үй-бүлөсү учетко алынган. Текшерүүнүн жүрүшүндө үй-бүлөдөн балдар алынып, апасы келгенге чейин (Россияда болгон)  «Айданек» борборуна жайгаштырылган. Үй-бүлө менен иштөөнүн натыйжасында балдар психологиялык жардам, апасы – юридикалык жардам жана коштоп жүрүү жардамын алып, атасы соттун чечими менен эркинен ажыратылган.

Жетишкен жыйынтыктар менен катар, терс жагдайларсыз да өткөн жок – кезектеги (2011 жана 2003-жылы) жашы жете элек өспүрүмдөр тартылып алынып, «Айданек»  борборуна тапшырылды.  Үй-бүлө менен иш алып баруу улантылат.

Бишкек-сүйүктүү шаарым!