2019-жылы  Кытай Эл Республикасынын ѳкмѳтүнѳн берилген каражатка,  "Бишкек шаарынын автомобиль жолдорунун жол катмарын калыбына келтирүү" долбоорунун алкагында калаанын 6 кѳчѳсү,  жалпы узундугу 5,38 км жол оңдолот.

Кийинки жылы Нуркамал, Абай, Алтымышев, Репина (Күйүков кѳчѳсүнѳн Гагарин кѳчѳсүнѳ чейин), Токтогул жана Жайыл Баатыр кѳчѳлѳрүндѳ оңдоп-түзѳѳ иштери жүргүзүлѳт.

"Бишкек шаарынын автомобиль жолдорунун жол катмарын калыбына келтирүү" долбоорунун алкагында  2018-2019-жылы жалпы узундугу 38 км түзгѳн 23 кѳчѳдѳ жол оңдоо иштери ѳткѳрүлдү.  Жолдордун кѳпчүлүк бѳлүгү быйыл бүткѳрүлдү. Айтматов жана Манас проспектилери, Чүй жана Жибек-Жолу проспектилеринин айрым бѳлүктѳрү, 7-апрель, Садырбаев (Бах), Айни, Термечиков, Салиева кѳчѳлѳрү, Ахунбаев жана Москва кѳчѳлѳрүнүн бѳлүктѳрү жана башка кѳчѳлѳр оңдолду. Анын ичинде Үсѳнбаев жана Үмѳталиев кѳчѳлѳрүндѳ оңдоо иштери мѳѳнѳтүнѳ чейин бүткѳрүлдү.

Бул долбоордун алкагында жол катмары алмаштырылып жаңы жол катмар тѳшѳлдү, ошондой эле жаңы жээк таштар коюлду. Жолдорго эки катмар тѳшѳлүп, үстүнкү катмар жаңы технологиялардын негизинде даярдалды.

Урматтуу шаар тургундары! Оңдолгон кѳчѳлѳрдүн даректери менен тѳмѳнкү шилтемеден таанышсаңыздар болот: https://yandex.kg/maps/10309/bishkek/?ll=74.593110%2C42.872034&mode=usermaps&source=constructorLink&um=constructor%3A01b831de1de999bfba73fe1f2be627711aeaaef38227c1a276e5156131f1dd72&z=12

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!

Урматтоо менен, мэриянын басма-сѳз кызматы.