24-ноябрда саат 14:00дѳ «ONTHEWAKE» экстрим-борборунда шаардын мектептеринин окуучулары үчүн Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналган аскага чыгуу фестивалы ѳткѳрүлѳт.

Фестиваль «Кыргызстан Балдар» окуучулардын шаардык чыгармачылык борбору, «Аскага чыгуу» ийрими, Кыргызстандын аскага чыгуу федерациясы менен биргеликте уюштурулат.

Иш-чара 10 жаштан 17 жашка чейинки курактагы 70 окуучуну камтыйт.

Фестивалдын программасына сүрѳт кѳргѳзмѳ, ылдамдыкка жана татаалдыгына жараша аскага чыгуу жарышы ж.б. киргизилген.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!

Урматтоо менен, шаардык муниципалитеттин басма-сѳз кызматы.