22-ноябрдан 24-ноябрга чейин Бишкек шаарынын мэриясынын «Жаш карек» долбоорунун алкагында Бишкек шаарынын Ленин районунун окуучулары Талас шаарына барышат.

Талас шаарына Ленин районунун мектеп парламентинин лидерлери, активиситтер, мыкты окуган окуучулар, жалпысынан  22 окуучуга уюштурулду. Таластан окуучулар Талас шаарынын №2 орто мектебинин окуучулары менен таанышышып, Ч.Айтматовдун чыгармачылыгына байланышкан викторинага катышышат. Ошондой эле, окуучулар үчүн «Манас күмбѳз» архитектуралык эстелигине, Шекер айылындагы Ч.Айтматовдун музейине баруу, Талас мэриясынын жетекчилиги менен таанышуу уюштурулат.

«Жаш карек» долбоору 2014-жылдан бери жашы жете элек ѳспүрүмдѳр арасында укук бузууларды алдын алуу боюнча шаардык программанын алкагында ѳткѳрүлүп келет.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!

Урматтоо менен, шаардык муниципалитеттин басма-сѳз кызматы.