Свердлов райондук администрациясынын жыйындар залында райондун биринчи орун басары Туратбек Айдаровдун жетекчилиги алдында чарба субъектилеринин, ошондой эле, райондун аймагында жайгашкан соода-базар комплекстеринин  ээлери жана жекетчилери менен жолугушуу ѳткѳрүлдү.

Жолугушууда имараттарды жана айланасын жаңы жылга карата жасалгалоо, жарнама такталарын жаңылоодо мамлекетик тилге ѳзгѳчѳ кѳңүл буруу, ар бир имаратка тиешелүү аймакты кардан жана муздан тазалоо, кѳрктѳндүрүү жана таштанды урналарын орнотуу талкууланды.

Жыйындын соңунда бардык жетекчилерге Бишкек шаарынын кѳрктѳндүрүү эрежесин жана КРнын Административдик кодексин аткарбагандар жоопкерчиликке тартылары эскертилди.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!

Урматтоо менен, мэриянын басма-сѳз кызматы.