Бишкек шаарынын мэриясы газ менен жүргөн, ичине көп киши бата турган 60ка чейин автобусту сатып алууну пландоодо.

20-ноябрда Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы эл аралык тендер жарыялады. Ага ишкана-өндүрүшчүлөр жана алардын дилерлери катыша алат. Билдирмелерди ачуу 11-декабрга пландалган. Ал эми жеткирүүлөрдүн мөөнөтү - 2019-жылдын март айы. Бул максаттарды ишке ашыруу үчүн шаардык бюджеттен 382 миллион 577 миң сом өлчөмүндө акча бөлүү каралган.

Чоң класстагы шаардык жүргүнчү автобустарын жеткирүүгө техникалык тапшырмалардагы шарттардын бири газ кыймылдаткычы экологиялык норма боюнча ЕВРО-5 классынан төмөн эмес болушу керек жана "Электрондук билеттөө" долбоору боюнча валидаторлорду орнотуу үчүн орундар бар болушу зарыл.

Микроавтобустарды шаардык маршруттарда заманбап автобустар менен алмаштыруу үчүн чоң жана орто 800 автобус керек.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!

Урматтоо менен, мэриянын басма-сѳз кызматы.