Жаңы 2019-жылды тосууга даярдыктарды кѳрүү максатында, 1-декабрдан тартып жаңы жылдык эң мыкты кооздолгон район, жаңы конуш, имарат боюнча сынак башталат.

Сынак жаңы жылдык маанай тартуулоо   максатынды ѳткѳрүлүүдѳ. Жаңы жылдык сынакты шаардык муниципалитет уюштуруп, 2018-жылдын 31-декабрына чейин сынактын арыздарын райондук администрациялар кабыл алат.

Сынакка Бишкек шаарынын мэриясынын административдик райондору, министрликтер, административдик ведомстволор, бюджеттик мекемелер, чарба субъектилери, жеке ишкерлер, турак жай ээлеринин шериктештиктери, үй жана квартал комитеттери жана МАБдар катыша алышат.

Сынак тѳмѳнкү номинациялар боюнча ѳткѳрүлѳт:

-Эң мыкты кооздолгон район. Бул номинацияга тѳрт сыйлык каралган. Биринчи орун-50 миң сом, экинчи орун-40 миң сом, эки үчүнчү орун – 30 миң сомдон.

- Бишкек шаарынын эң мыкты кооздолгон жаңы конушу. Жергиликтүү аймактык башкармалыктары тарабынан 30 миң сомдук төрт сыйлык каралган. 1-этапта райондук администрациялар,  2-этапта конкурстук комиссия тандайт.

- Мыкты кооздолгон короо. Жергиликтүү аймактык башкармалык тарабынан 20 миң сомдук төрт сыйлык берилет. 1-этапта райондук администрациялар,  2-этапта конкурстук комиссия тандайт.

-Министрлик жана административдик ведомстволордун мыкты кооздолгон аймагы жана имараттарынын фасады. Бул номинацияга үч сыйлык каралган. Биринчи орун-50 миң сом, экинчи орун – 40 миң сом, үчүнчү орун – 30 миң сом.

-Ири соода комплекстеринин, борборлорунун жана базарларынын мыкты кооздолгон аймагы, имараттарынын фасады. Бул номинацияга үч сыйлык каралган. Биринчи орун-100 миң сом, экинчи орун – 70 миң сом, үчүнчү орун – 50 миң сом.

- Соода-сатык, кызмат көрсөттүү жана кеңселердин мыкты кооздолгон фасады. Биринчи орун — 70 миң, экинчи — 50 миң, үчүнчү — 30 миң сом менен сыйланат.

- 1-2 мүнөткө созулган жеке жана жамааттык видео куттуктоо жана "Жаңы жылың менен, сүйүктүү шаарым!" темасында селфилерге сынак жарыяланат. Куттуктоолор Бишкек- 312  мобильдик колдонмосу аркылуу кабыл алынат (сѳзсүз түрдѳ байланыш телефондорун калтыруу керек). Аталган сынакка жарнама негизиндеги, адамдарга шек келтирген роликтер кабыл алынбайт.

Сынактын жыйынтыгы боюнча 21 уюм (жаңы жылдык жасалгалоо үчүн), 30 киши же жамаат  (жаңы жылдык видео ролик үчүн) сыйланышат.

Уюштуруучулардын чечими боюнча аталган номинацияларга ѳзгѳртүүлѳр киргизилип, кошумча байгелер коюлушу мүмкүн.
Урматтуу шаар тургундары! Жаңы жылдык сынакка катышыңыздар! Баарыбыз биргеликте жаңы жылдык маанай жараталы!

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!

Урматтоо менен, шаардык муниципалитеттин басма-сѳз кызматы.