Бишкек шаарынын борбордук аянтында ѳлкѳнүн башкы балатысын орнотулууда. Балаты темир каркастан жасалууда.

Балатыны орнотуу иштерин «Бишкексвет» жана «Тазалык» муниципалдык ишканаларынын кызматкерлери жүргүзүүдѳ.

Балатынын узундугу 25 метр, диаметри 12 метрди түзүп, каркаска 2 миң 400 ийне жалбырактуу бутак, 350 оюнчук, узундугу 4900 погондук метр дюралайттан жасалган оюлар, 240 метр светодиоддук гирлянда жана 240 метр мишура илинип,  кооздолот.

Калааны жасалгалоо концепциясы «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасы тарабынан иштелип чыгып, «Кышкы жомок» деп аталды.

Майрамдык композициянын борбору "Кар ханышасы" жомогу боюнча жасалган "Муз тактысы" деп аталган инсталляция болуп калмакчы. Ал фонтандын ордуна орнотулат. Инсталляцияны  күйүп  турган жаныбарлар — ак илбирс, аркар, бугу жана бүркүт курчап турат.

Аянтта жайгашкан фонтандарга күйүп турган 16 кристалл орнотулат.

Ошондой эле, борбор калаанын башкы сүрөтчүсү Марат Жороев 2019 сандары чагыдырылып, гербдин элементтери кирген жаңы жылдын логотибин сунуштады.

Бишкек-сүйүктүү шаарыбыз!

Урматтоо менен, мэриянын басма-сѳз кызматы.