Бишкек шаарынын мэриясы күн сайын шаардын санитардык абалын жакшыртуу, шаардын аймагын кѳрктѳндүрүү боюнча текшерүү иштерин ѳткѳрүп келет.

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык-экологиялык инспекциясынын кызматкерлеринин кезектеги текшерүүсүндѳ «Кара-Жыгач» жаңы конушундагы тигүү цехинин жана кѳмүр сатуу түйүнүнүн кызматкерлери инерттүү материалдарды белгиленбеген жерге чогултуп жаткандыгы жана кургак тиричилик калдыктарын чыгарууга келишим түзбѳгѳндүгү аныкталды. Мындан тышкары, инспекторлор камаздын айдоочусу Исакеев кѳчѳсүнүн жолдун жээгине курулуш таштандыларын тѳгүп жаткандыгын аныкташты.

СЭИ инспекторлору тарабынан камаздын айдоочусу Мамбетов М.дин атына жана кѳмүр сатуу түйүнүн жана тигүү цехинин ээси Ажыбеков Ж.нын атына  КРнын «Административдик жоопкерчилик жѳнүндѳ» кодексинин №488 беренеси боюнча протокол түзүлүп, райондук административдик комиссиясынын кароосуна жиберилди.

Урматтоо менен, мэриянын басма-сѳз кызматы.