Бишкек шаарынын мэриясынын “Жаш карек” долбоорунун негизинде Ленин районунун аймагындагы 23 мектептин алдыңкы окуучулары, активистери, мектеп лидерлери үчүн Талас шаарына 3 күндүк экскурсия уюштурулду.

Аталган иш-чара улуу жазуучубуз Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналды.

Иш-чара Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары тарабынан каржыланды. Экскурсия убагында балдар Талас шаарындагы №2 мектеп окуучулары менен достошуп, достуктун көпүрөсү түзүлдү. Окуучулар Ч.Айтматовдун туулуп өскөн жери Шекер айылы, айылдагы Ч.Айтматовдун музейи, жаңыдан түптөлүп жаткан Айтматов ордосу, Улуу Ата-Мекендик согуштун баатыры Ч.Түлөбердиевдин музейи, “Манас ордо” комплексинде болушуп, Талас шаардык мэриясы менен жакындан таанышышты.

Иш-чаранын негизги максаты балдарды кыргыз жеринин кооз табияты, салт-санаасы менен жакындан тааныштыруу, эл-жерин сүйүүгө, патриоттуулукка, биримдикке, достукка тарбиялоо. Үч күн аралыкта окуучулардын достугу бекемделип, мындан ары шаардагы, региондордогу мектептер аралык карым-катнашты күчөтүү, башка региондорду да таанып билүү  максаттары менен Бишкек  шаарына кайтып келишти.