2018-жылдын 5-декабрында саат 10:00дө Кыргыз-Түрк Манас университетинде Бишкек шаарынын мэриясынынын билим берүү башкармалыгы, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамынын 29 жылдыгын, залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата жарыяланган “Тил жана Айтматов” үч айлыгын жыйынтыктоочу “Өткөндү эстеп, келечекти күтө билгендигибиз үчүн биз барбыз” атуу салтанаттуу иш-чарасы өткөрүлөт.

Иш чаранын максаты: Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамынын 29 жылдыгын, залкар жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгын белгилөөдөгү иш планга ылайык өткөрүлгөн кароо-сынактардын, эң мыкты иш-чаралардын жыйынтыгын чыгаруу менен мамлекеттик тилдин конституциялык даражасын бекемдөө, рухий дөөлөттөрдү, маданий-тарыхый мурастарды, залкар жазуучу, улут сыймыгы Ч.Айтматовдун  чыгармаларын кеңири даңазалоо;