Калаада «Мектеп лигасы» шаардык программасынын райондук мелдештери улантылууда.

Жакында Октябрь районунда балдар жана кыздар арасында шахмат боюнча мелдеш жыйынтыкталды. Мелдешке 19 команда катышты. Оюндун жыйынтыгы боюнча тѳмѳнкү мектептин окуучулары жеңишке ээ болушту.

I-орун –№ 64 мектеп-гимназиясы;

II- орун –Г. Гмайнер атындагы мектеби;

III- орун –№ 26 мектеп-гимназиясы;

IV - орун –№ 37 мектеп-гимназиясы.

Райондук мелдештен биринчи тѳрт орунду алган катышуучулар «Мектеп лигасы» шаардык программасына катышышат.

Бишкек-сүйүктүү, спорттук шаар!